10.04.20

Түркиянын “Anadolu Ajansı” маалымат агенттиги тараткан маалыматта, 2020-жылдын 10-апрель күнү Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) кезексиз жыйыны, видео-конференция форматында өткөрүлүп "Коронавирус (COVID-19) пандемиясынын таралышын алдын алуу үчүн консолидация жана кызматташуу" темасынын алкагында болуп өттү.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) кезексиз чогулушунун күн тартибинде, соода, транзиттик-транспорттук байланыштарды камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө өлкөлөрдүн жарандарына зарыл болгон жардамдарды көрсөтүү маселелери каралды.

Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев башчылыгы астында өткөрүлгөн, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) жыйынына уюмга мүчө болгон  мамлекеттердин лидерлери: Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган,  Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жоомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев,  Түркмөнстан Республикасынын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Венгрия Республикасынын премьер-министри Виктор Орбан жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус катышты.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев өзүнүн өлкөсүндө коронавирус илдетине каршы алынган иш чаралар тууралуу маалымат берип келип: «Максатыбыз зарыл болгон учурда, бири бирибизге колдоо көргөзмөк жана бул илдет менен чоогу күрөшүү түрк калктарынын ортосундагы байланыштарды бекемдей тургандыгына ишенем. Бүтүн дүйнөнү каптаган илдет учурунда, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө өлкөлөр ар кимиси өзүнүн ички проблемалары менен эле алектенбестен башка эл аралык уюмдар менен дагы иштешкенге даяр» - деп билдирди.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши (ТМКК) жаңы пайда болгон  илдетке каршы өзүнүн биримдигин көргөзө тургандыгын белгилеп келип: «Түркия мамлекети короновирус пайда болгон биринчи күндөн баштап, баардык керектүү чараларды кабыл алдык. Акыркы 17 жыл аралыгында, саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө жасаган өзгөчө аракетибиздин  негизинде, биздин бул илдетке каршы болгон даярдыгыбыз алда канча жакшы болуп чыкты. Өзүбүздүн ички керектөөлөрүбүздү камсыздагандан тышкары, калган баардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү  пайдаланып, бир туугандарыбыздын жанында болгонго аракет кылып жатабыз. Биз бул илдеттен улам  келип чыккан, глобалдык социалдык-экономикалык кризис менен дагы күрөшүп жатабыз. Эркин ачык айкын келишимдин негизинде, эл аралык соода жүгүртүүнү үзгүлтүксүз жүргүзүп туруу өзгөчө мааниге ээ болуп эсептелет. Кудай буйруса, коронавирус илдетин сөзсүз жеңебиз. Бир жагынан бул илдет менен күрөшүп, экинчи тарабынан болсо аны жеңгенден кийинки кесепеттерин жоюу үчүн даярдыктарды көрүшүбүз керек» - деп билдирди.

Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев, короновируска каршы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагында эпидемиологиялык абалга көзөмөл жүргүзгөн жана ооруунун таркалышы боюнча прогноз кылган системаны түзүү сунушун берди.

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, короновирустун мындан ары дагы жайылып кетбөөсүн алдын алуу үчүн, керектүү дары-дармектердин чек аралардан тосоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуу керектигин билдирди. Ошондой эле ал, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагында кризиске каршы фонд уюштуруу сунушун билдирди.

Түркмөнстан Республикасынын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, бул оор кырдаалдан ийгиликтүү чыгуу үчүн бири бирибиз менен дайыма пикир алмашуу жана ар бир жасалган кадамдарды кеңешүү менен жасоо зарыл деп белгилеп өттү.

Казакстандын президенти Касым Жоомарт-Токаев, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) кезексиз жыйыны, коронавирустун жайылышы бүт дүйнөгө коркунуч туудурган мезгилде өткөрүлүп жаткандыгын белгилеп өттү. Анын пикиринде, коронавирус пандемиясын токтотуу үчүн оперативдүү маалымат алмашуу, диагностика жана дарылоонун инновациялык ыкмаларын түзүү маселелеринде иш-аракеттерди координациялоо керек экендигин билдирди. Мындан тышкары, Казакстандын президенти коронавирус пандемиясы, Түрк Кеңешинин өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерине терс таасирин тийгизип жаткандыгын баса белгилеп, анын кесепеттерин жоюу үчүн биргелешкен иш-аракеттердин планын иштеп чыгууну сунуш кылды.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) жыйынын соңунда: «Коронавирус (COVID-19) пандемиясынын уюмга мүчө болгон өлкөлөргө тийгизген терс таасирин эки же көп тараптуу кызматташуунун негизинде жоюу керек» - деген билдирүү кабыл алынды.

https://www.aa.com.tr/tr/dunya/turk-konseyi-liderlerinden-kovid-19a-karsi-dayanisma-mesaji/1800457