Түркмөнстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей,  Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердимухамедовдун катышуусу менен 17-сентябрда Балкан облусуна караштуу Карабогаз шаарында карбамид өндүрүүчү комплекстин ачылыш аземине катышты.

Заманбап технологиялар менен жабдылган химиялык өнөр-жай, бул татаал глобалдык энергетикалык дипломатияда өтө зор мааниге ээ болот деп белгиленет билдирүүдө.

Карбамид чыгаруу үчүн курулган Карабогаз комплексин пайдаланууга киргизүү киреше жана экспорттун көлөмүн артырып,  өлкөнүн химиялык өнөр-жайынын мүмкүнчүлүгүн көбөйтөт. Бул ишкана курулушу Түркмөнстандын өнөр-жайы өнүккөн мамлекет болуу үчүн жасаган дагы бир кадам болуп калат деп  белгиленет текстте.