“Газпром” башкармалыгынын төрагасы Алексей Милер жана  Россиянын вице премьер министри, өкмөт аппаратынын жетекчиси Константин Чуйченко баштаган орус делегациясынын Ашхабатка болгон расмий иш сапарынын алкагында, 9-октябрь күнү Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту деп билдирет түркмөн лидеринин басма сөз кызматы.

“Россия Федерациясы жана Түркмөнстан арасындагы газ тармагында 2028-жылга чейин кызматташуу боюнча  учурдагы макулдашууну ишке ашыруунун түрдүү тараптары каралды анын ичинде 2019-жылдын 1-январынан тарта түркмөн газын сатып алуу боюнча да суроолор талкууланды”,- деп билдирилди.

Азыркы учурда бул темада  “Газпром” ачык акционердик коому жана түркмөн өнөктөштөрүнүн ортосунда олуттуу сүйлөшүүлөр болуп жатат жана жакынкы убакта конкреттүү чечимдер кабыл алынмакчы.

Россия жана Түркмөнстан газынын баасы боюнча Стокгольмдун арбитраждык соттук териштирүүлөрү жүрүүдө. 2015-жылдын июнь айынын башынан тарта “Газпром экспорт” “Түркмөнгаз” мамлекеттик концернине каршы Стокгольм арбитраждык сотунда иш козгогон. Орус компаниясы өзүнүн арызында арбитраждык соттон “Түркмөнгаздан” алынган жаратылыш газынын баасын кайра карап чыгуусун талап кылган.

2016-жылдын январь айында “Түркмөнгаз” “Газпромдун” менен болгон келишимди 1-январдан тарта мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарганын билдирген. Орусия холдинги “Түркмөнгаз” тарабынан келишимдин олуттуу бузулгандыгын, келишимди жокко чыгаруунун негизи деп билдирген. Кийинчерээк “Газпром” жана “Түркмөнгазы” арбитраждык уктурууну 2018-жылдын 31-декабрына чейин кызматташуу боюнча өз ара алгылыктуу чечимди табуу максатында токтотушкан.