22- ноябрда Лебап велаятындагы Чарджев этрапында 432-мегаватт кубаттуулукта иштей турган, газ турбиналуу электр станциясынын пайдубалын куруу аземи болуп өттү.

“Туркменистан сегодня " гезитинин айтымында, долбоор  Sumitomo Corporation жана Mitsubishi Hitachi Power systems (Япония) жана ошондой эле Rönesans Holding (Түркия) компаниялары менен бирдикте ишке ашырылат. Бул келишимге Мамлекеттик Электр корпорациясы "Turkmenenergo" тарабынан, жапон өкмөт башчысы Синдзо Абэнин Түрменистанга  расмий иш сапары учурунда 2015-жылы кол коюлган. Проекттини каржылоого Түркмөнстандын тышкы экономикалык иштер боюнча мамлекеттик банкы жана кредиттик келишимин түзгөн Эл аралык кызматташуу боюнча жапон банкы да катышат.

Электр станциясынын негизги өндүрүштүк имаратында ар биринин кубаттуулугу144-мегаватт болгон үч газ турбинасын орнотуу  пландаштырылууда, аны Mitsubishi Hitachi Power Systems камсыздайт.

Энерго бирдиктерден тышкары кызматтык имарат курулат, бул жерде негизги станцияны  башкаруу бөлмөсү, газ бөлүштүрүү станциясы, ошондой эле инженердик-техникалык байланыш курулуп, аянт жашылдандырылат.

http://ca-news.org/news:1482240