22-ноябрь

Ашхабад

Түркмөнстандын борбору Ашхабадда 22-ноябрь күнү түркмөн-азербайжан жогорку деңгээлдеги жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуудан кийин Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев эки тараптуу макулдашууга  кол коюшту. Докуметтер жыйырмадан ашык кызматташтык боюнча келишим жана меморандумдарды камтыйт.

22-ноябрынын таңында “Огузхан” сарайында жогорку деңгээлдеги түркмөн-азербайжан тараптарынын тар форматындагы сүйлөшүүлөрү болду. Бул жолугушуудан кийин сүйлөшүүлөр эки тараптын расмий өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген форматта улантылды.

Тараптар соода-экономикалык, отун жана энергетика, транспорттук агымдарды диверсификациялоо, каттамдардын географиясына жаңы өлкөлөрдү жана региондорду кошуу жана ошондой эле гуманитардык тармактарда кызматташууну активдештирүүнү талкуулашты.

Кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдүн соңунда, эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюу салтанаты болуп өттү. Бердымухамедов жана Алиев биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Мамлекет башчыларынын катышуусу менен эки өлкөнүн ортосунда соода-экономика, өндүрүш, транспорт, транзиттик жана логистика ошондой эле илим тармагында кызматташуу боюнча жыйырмадан ашык документке кол коюлду.

Ашхабад жана Баку ошондой эле төмөнкү программаларга да кол коюшту: Түркмөнстан жана Азербайжан өкмөтүнүн ортосунда 2019-2021-жылдарга карата соода-экономикалык кызматташуу; 2019-2021-жылдары транспорт тармагында кызматташуу; 2019-2021-жылдары илим-билим, маданият жана искусство тармактарында кызматташуу. 

https://sng.today/ashkhabad/8417-ashhabad-i-baku-podpisali-paket-dokumentov-o-sotrudnichestve.html