Түркмөнстан Азербайджан борборун Бакуда соода борборун ачууга даярданып жатат.

3-декабрда Түркмөнстандын Баку элчилигинин башкы консулу Реджепов жана Азербайджан Ишкерлер Бирикмесинин Улуттук Уюмунун (NCOPA) башкы катчысы Фуад Гумбатов ачылыш даярдыктары үчүн жолугушту. Жолугушуунун аягында Баку шаарында Түркмөнстан соода борборунун ачылышына  жигердүү жардам бере турганын жарыялады.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов өткөн жылы августь айында Азербайжанга болгон иш сапары учурунда, Баку шаарында Түркмөнстандын соода борборун түзүүнү, жана ага жооп иретинде Ашхабадда да Азербайджан соода борборун ачууну сунуштаган.

Азербайжандын президенти Илхам Aлиев акыркы Түркмөнстанга болгон иш сапары учурунда, эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген. Жолугушуудан кийин, жыйырмадан ашык келишимге жана меморандумга  кол коюлган.

 Эки тараптуу макулдашуулардын пакетинде, Түркмөнстан ишкерлер жана өнөр  жайчылар бирикмеси жана Азербайжан ишкерлер уюмунун улуттук конфедерациясы  ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуну да камтылган.

Баку шаарында ачыла турган Түркмөнстан соода борбору, эки тараптуу соода жүргүзүүнүн көлөмүн жогорулатуусу күтүлүүдө. Биринчиден соода борбору, Түркмөнстанда өндүрүлгөн ар түрдүү токулган буюмдар жана кол менен курулган килем сатууга багытталат.

http://kabar.kg/tur/news/turkmenistan-bakude-ticaret-merkezi-acacak/