Түркменистандын Тышкы иштер минстри Рашид Мередов, 2019-жылдын 15 январында Самарканд шаарында болуп өткөн “Орто Азия жана Индия” аттуу жыйында, Өзбекстан  Тышкы иштер минстри Абдулазиз Камилов менен көрүштү.

Жолугушуу учурунда, Мередов жана Камилов эки тараптуу буга чейин жетишилген келишимдердин аткарылышын талкуулашты. Ушул контекстин алкагында, эки тарапка бирдей болгон  жумушчу рыногун жакшыртуу жана аймакта транзиттик коридорду өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, эки тараптуу соода жүгүртүү, транспорт жана логистика, негизги тармактарды каржылоо, инновация жана технологияны өнүктүрүү, мындан тышкары энергетика, медицина, айыл-чарба, маданият, туризм тармактарын кызматташууну кеңейтүүнү макулдашышты.

Ал эми, экономикалык байланышты кеңейтүү боюнча, товар жүгүртүү 2017-жылдын 11 айдагы көрсөткүчүнө салыштырмалуу 2018 – жылы 53 пайызга өскөн.

http://kabar.kg/tur/news/turkmenistan-ozbekistan-ili-kileri-geli-iyor/