8.01.19.

Түркмөнстанда улуттук суу ташуучулары  тууралуу жобо даярдалып жатат.

Бул маселе өлкөнүн өкмөт жыйынында талкууланды. Атап айтканда, Түркмөн мамлекеттик Деңиз жана дарыя транспорт кызматы  "Деңиз соода флоту" жабык анонимдүү компаниясын улуттук деңиз ташуу компаниясы катары көрсөтө турган документти даярдап жатат.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов “Түркмөнбашы” эл аралык портунун Борбордук Азия жана Каспий өлкөлөрү үчүн стратегиялык маанисин баса белгиледи. Порттун ачылыш аземи  2018-жылдын май айында болуп өткөн.

Бул проект GreenPort эл аралык стандарга ылайык иштелип чыккан.

Порттун жылдык өндүрүш кубаттуулугу 17-18 миллион тонна болот. Учурдагы порт менен бул сандар 25-26 миллион тоннага жетет. Жаңы порт кызматка киргенден кийин, Жибек Жолу менен Түркмөнбашы портуна жеткирилген жүктөрдү Россия, Азербайжан жана  Иран портторунан Европа өлкөрүнө чейин  ташууга зор мүмкүнчүлүктөр пайда болду.

https://www.turanhaberajansi.org/haber/7145/turkmenistan-ulusal-deniz-gemileri-konusunda-hukum-hazirliyor.html