02.02.19.

1-февралда Министрлер кабинетинин отурумунда президент Гурбангулы Бердымухамедов буудай жана пахта өндүрүү темасына токтолду жана айдоо жерлерин кайра бөлүштүрүү жөнүндө билдирди.

Түркмөнстандын Мамлекеттик маалымат агенттигинин билдирүүсүнө караганда президент: “Айдоо жерлерин эгиле турган өсүмдүктөргө жараша кайра бөлүштүрүү керек. Бул жылы 1 млн. 600 миң тонна буудай жана 1 млн. 50 миң тонна чийки пахта өндүрүшүбүз керек. Кийинки жылы 1 млн. 400 миң тонна буудай жана кайрадан курулуп жаткан фабрика жана экспорт үчүн 1млн. 250 миң тонна пахта өстүрүлүшү керек”-деп белгилеп өттү.

Президент 10 жылдан бери алгач ирет буудай өстүрүү планын азайтып пахтаныкын көбөйтүүнү сунуштады. Белгилей кетсек акыркы эки жылда буудай жыюу планы аткарылбай келген, жыйынтыгында өлкөдө ун жана нан азыктарынын жетишпестиги келип чыккан. 

Эскерте кетсек 2018-жылдын октябрь айында президент тарабынан чет өлкөлөргө пахта сатууну токтотуп аны өз алдынча иштетүү  буйругун чыгарган.

Отурумда ошондой эле мал азыктарын, жашылча-жемиш коон жана жүзүм өндүрүүнү көбөйтүү тапшырмасы берилди. Эскерте кетсек,  бир жума мурун Бердымухамедов көбүрөөк картошка өстүрүү буйругун берген эле.

https://www.hronikatm.com/2019/02/v-2020-godu-v-turkmenistane-vpervye-snizyat-plan-vyrashhivaemoj-pshenitsy-i-uvelichat-po-hlopku/