6.02.19.

Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте Европа Биримдиги (ЕБ)  жана Орто Азия  айлана чөйрөнү коргоо жана суу кызматташтыгынын жогорку деңгээлдеги жыйыны болуп өттү.

Бул жылы 6 жолу өтүп жаткан  жыйынга, Европа Биримдиги (ЕБ)  жана Орто Азия өлкөлөрүнүн айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүүсү жана суу ресурстары тармагында иштеген адистер катышты. Жолугушууда, Орто Азия боюнча Европа Биримдигинин атайын өкүлү  Петер Буриан башында турган делегация дагы катышты.

Конференциянын катышуучулары, 2015-жылдан бери Орто Азия өлкөлөрүндө жогоруда белгиленген тармактарда кандай жылыштар болдугуна баа берилди. Конференция Европа Биримдиги (ЕБ)  жана Орто Азия  айлана чөйрөнү коргоо жана суу кызматташтыгы уюму тарабынан уюштурулган. Бул уюм айлана чөйрөнү рационалдуу колдонуу, климаттык өзгөрүү жана суу ресурстарын башкаруу тармактарында иш алып барат. Мындан мурда эле Түркменистан Орто Азия чөлкөмүндө климаттык өзгөрүүгө байланышкан технологиялык борбор ачууну сунуштаган эле. Ошондой эле Түркменистан  Арал деңизин коргоо боюнча БУУнун программасына бир нече сунуштар менен кайрылган. Түркменистандын  президенттинин чечими менен, суу ресурстарын башкаруу боюнча мамлекеттик комитет түзүлгөн. Комитет мамлекеттин атынан сууга байланышкан дипломатиялык иштерди алып барат.

https://www.turanhaberajansi.org/haber/7219/turkmenistan-taskentte-bolgesel-su-konularini-gorustu.html