02.21.19.

Бюджет жана  адам ресурстары боюнча жооптуу Еврокомиссар Гюнтер Эттингер Баку шаарында өткөн, Түштүк коридору (SGC) боюнча кеңештин жыйналышында,   Түркмөнстанды Азербайжан аркылуу Евробиримдикти газ менен камсыз кылууну сунуштады.

Эттингер Азербайжандан газ алууну бир жылда 20-25 миллиард куб метрге чейин  көбөйтүү планын айтып, Түркмөнстанды долбоордо  катышууга чакырды.

Ал өз сөзүндө: "Жаратылыш газын өндүргөн Азербайджан, эгер Каспий деңизинин чыгыш жээгинде Европага Грузия жана Түркия аркылуу ташууга  энергия ресурстары  бар болсо,  өз мүмкүнчүлүктөрүн сунуш кылууга даяр экенин бир нече ирет билдирди.Ушул эле  сунуш менен Азербайжан жана Евробиримдик Түрменистанга да кайрылган. Эми бул сунуш боюнча, Ашхабад шаарында өкмөт тарабынан чечим кабыл алынат"- деп белгиледи комиссар.

Эттингер Түркмөн газы Азербайжанга кантип ташылат жана Түркмөнстандын Түштүк газ коридоруна  (SGC) катышуусу үчүн кандай шарт керектигин ачыктаган жок.

Узундугу 3,5 км жана баасы $ 40 миллиард доллар турган Түштүк газ кууру (SGC), Азербайджанга Европаны газ менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Долбоор үчүн ресурстук база Каспий деңизиндеги Азербайжандын Шах Денизи деп аталган жаратылыш газынын кору болуп саналат.

Түштүк газ Коридору Түштүк-Кавказ, Транс-Анадолу жана Трансадриатика  газ түтүктөрүн өзүнө  камтыйт.

https://www.hronikatm.com/2019/02/evrokomissar-predlozhil-turkmenistanu-postavlyat-gaz-v-es-cherez-azerbajdzhan/