Түркменистанда акыркы жылдары, өлкө экономикасында жеке сектордун мааниси жогорулап барат.

Жеке сектордун өкүлдөрү бул багытта бир нече ири инвестициялык долбоорлорго кол коюушту. Бул жолу, эки маанилүү обьектинин курулушу ишке ашырылмакчы. Аларга Ахал вилаетинин Гөктепе районунда орун ала турган агро өндүрүш комплекси жана бетон продукциясын чыгаруучу заводдун курулушу болмокчу. Бетон заводун курушун жергиликтүү Aga gurluşyk фирмасы ишке ашырмакчы. Завод ишке киргенден кийин, жылына 500 миң метр бетон трубаларын чыгарууга жарамдуу болот.

 Ошондой эле, 220 гектар аянтка жергиликтүү Sowuk Göz фирмасы тарабынан  агро өндүрүш комплекси курулмакчы. Комлексте, жылына жогорку сапатагы 360 миң тонна уй жана кой этин  өндүрүүчү чарба курулмакчы. Өндүрүлгөн эт продукциялары, ички рынокту эт менен камсыз кылып калган бөлүгү чет өлкөлөргө дагы экспортко чыгарылмакчы. Мындан кийин экинчи орунда турган балык өстүрүү жана аны кайра иштетүүчү чарба болуп эсептелет. Ал жылына 240 тонна ар түрдүү балык этин даярдамакчы. Ошондой эле, бир жылда 15 миң тонна жүзүмдү кайра иштетип вино чыгаруучу заводдун курулуусу пландаштырылууда. Бул максатта жүзүм өстүрүү үчүн  520 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Жүзүмдөн тышкары, 20 гектарга лимон, 70 гектарга помидор бадыраң,  10 гектар жер аянтына ар түрдүү жер жемиштер өстүрүлмөкчү. Комплекстин ичинде банктар, магазиндердин курулуш иштери да каралган.

https://www.turanhaberajansi.org/haber/7312/turkmenistanda-ozel-sektorden-onemli-yatirim.html