03.04.19

Түркмөнстандын борбору Ашхабаддын түндүк бөлүгүндө гигант мега-шаар курулат. Жаңы шаардын макети менен өлкө президенти Гурбангулы Бердимухамедов жеке өзу таанышып чыктты.

Ашхабаддын түндүгүндөгү Чоганлы жергиликтүү конушунда жаңы шаардын проектисин таанытуу болуп өттү. Бул аземге министрлер кеңешинин орун басарлары, министрлер, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, Ашхабад шаарынын мэри, архитектура жана курулуш боюнча Түркмөн мамлекеттик институту жана Көркөм өнөр мамлекеттик академиясынын окутуучулары жана студенттери  катышты.

Президент студенттерди бул аземге чакырууда, бул кесиптерди изилдеп жаткан жаштардын  жаңы багыттарын жана аспектилерин аныктоо, ички архитектура жана курулуш индустриясын өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи.

Долбоорду таанытуу аземинде Ашхабад мэриясы, Курулуш жана архитектура министрлиги, Көркөм өнөр академиясынын студенттери жана Түркмөнстандын өнөр-жай жана ишкерлер союзу тарабынан даярдалган ар түрдүү шаар проекттери көргөзүлдү.

Проект тууралуу толук маалыматты Ашхабад шаарынын мэри  Шамухаммет Дурдылыев берди. Жакын арада курула турчу жаңы мега шаар, администрациялык жана кызмат секторуна тиешелүү имараттарды,  батирлер жана социалдык багыттагы объекттерди камтыйт. Түркмөн лидери,  даярдалган 5 долбоорду кылдаттык менен изилдеди. Ар бир проектиде мектеп, бала-бакчалар, атайын көркөм окуу-жайлары, ооруканалар жана бейтапканалар, соода борборлору, стадиондор, спорттук комплекстер, банктар жана унаа токтотуучу жайларды куруу пландаштырылган.

Биринчи проектте 620 гектар жерге, 15-30 кабат арасында, 16 миң 696 батир куруу каралган. Экинчи проектте болсо, 663 гектар аянтка, 18 миң 568 үй-бүлө үчүн 134  көп кабаттуу үй куруу пландаштырылууда. Бул шаар 112 миң адамды камтыйт.  Курулуш жана архитектура министрлиги тарабынан даярдалган үчүнчү долбоордо 720 гектар аянтка 12-35 кабат арасында 177 батир куруу сунушталган. Бул батирлер 16 миң 884 бөлмөддөн турат. Ошондой эле бул проектиде Түркмөн ак үйү жана оюн-зоок өткөрүүчү терасса да бар. Айрыкча, жол, сейил бактар жана фонтан да курулмакчы.Төртүнчү долбоордо   520 гектар аянтка 15-30 кабаттуу 8 миң 566 үй-бүлө үчүн турак-жай салынат. Жалпысынан бул проект 51 миң адамды камтыйт.

https://www.turanhaberajansi.org/haber/7375/askabatin-kuzeyinde-dev-mega-kent-kurulacak.html