08.04.19.

Түркмөнстанда министрлер кабинетинин отурумунда вице-премьер Дадебай Амангелдиев өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедовко, Түркмөнбашы - Гарабогаз – Казахстан унаа жолунун жана Гарабогазгол булуңунан өтө турчу жаңы көпүрөнүн курулушу боюнча иш-чаралар жөнүндө билдирди.

"Туркменистан сегодня" басылмасы белгилегендей туурасы  22,5 метр, узундугу 225 км болгон кош тилкелүү жол, эл аралык деңиз порту жайгашкан Түркмөнбашы шаарынан Казакстандын чек арасына чейин салынат. Ошондой эле жолду жээгинде  инфраструктуралык объекттер дагы салынмакчы. Жолдон тышкары Гарабогаз булунунан өтө турган 354 метр узундуктагы  жана туурасы 21 метр болгон көпүрө куруу пландалууда.

Түркмөн-казак чек арасына чейин курула турган автожол жана көпүрөнүн курулушу өлкөнүн батыш жана түштүк региондорунун жана ошондой эле, коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн жана жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмүн көбөйтөт. Президент унаа жолунун долбоорун аягына чейин иштеп чыгууга, техникалык экспертиза жүргүзүүнү,  айлана-чөйрөнү коргоону кылдат талдоону камсыз кылууну тапшырды.

Түркмөнбашы шаары менен Казакстандын Мангистау облусу ортосунда жол куруу планы 2018-жылдын апрель айында жарыяланган болучу.

Азыркы учурда Казакстандын Мангистау облусу менен Түркмөнбашы шаарын  асфальты жок кара  жол байланыштырып турат.

https://tengrinews.kz/kazakhstan_news/turkmenistan-prokladyivaet-avtoban-v-kazahstan-366689/