11.04.19.

 Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) апрель айында дүйнөлүк экономикага сереп салып,"World Economic Outlook" аттуу баяндамасын жарыялады.

 Казакстан

 ЭВФ үстүбүздөгү жылы Казакстандын ИДПсынын өсүшүн 3,2% пайызга чейин жогорулашын божомолдойт. Былтыркы жылдын ноябрында Казакстан экономикасынын 2019-жылдагы өсүшүн 3,1% пайыз болот деп божомолдошкон.

 Баяндамадагы маалыматка ылайык, Казакстандын ИДПсында 2020-жылы 3,2% пайыз деңгээлинде өсүш күтүлүүдө. Республикадагы инфляция 2019-жылы болжолу менен 5,5% пайызды түзсө, 2020-жылы 5% пайызды түзөт.

 Кыргызстан

 ЭВФ Кыргызстандын ИДПсын ушул жылы 3,8% пайызга чейин ал эми  2020-жылы 3,4%  пайызга чейин өсөт деп божомолдойт.

2018-жылкы ЭВФнын божомолдоосу боюнча өлкөдө ИДПнын өсүшү 3,5% пайыз болот деп күтүлгөн.

 Ал эми инфляция 2019 -жылы — 2,2% пайыз, 2020-жылы—4,9% пайызды түзөт.

 Тажикстан

 2019 - жылы Тажикстанда ИДПнын өсүшү 5,0% пайызга, ал эми 2020-жылы 4,5% пайызга жетет.

ЭВФнын маалыматтарына ылайык инфляция 2019-жылы — 6,7% пайыз, ал эми 2020-жылы—6,2% пайызды түзөт.

 Түркмөнстан

 ЭВФ Түркмөнстанда ИДПнын өсүшүн 2019 — жылы 6,3% пайызга, ал эми 2020-жылы-6,0%пайызга чейин өсөт деп божомолдойт.

Өлкөдөгү инфляция болжолдуу түрдө 2019-жылы—13,0% пайыз, 2020-жылы-9,0% пайызды түзөт.

 Өзбекстан

ЭВФнын маалыматтары боюнча, Өзбекстанда ИДПнын өсүшү 2019-жылы  5,0% пайызды түзсө, 2020 — жылы-5,5% пайызды түзөт.

Өлкөдөгү инфляция 2019- жылы - 16,5% пайыз, ал эми 2020-жылы-11,9% пайызды түзөт.

2019 - жылдын экинчи жарымында дүйнөлүк экономиканын жандануусу күтүлүүдө. АКШнын Федералдык резерви, дүйнөдөгү тобокелдиктерге жооп иретинде, пайыздык ченди убактылуу токтотуп, аны жылдын аягына чейин жогорулатуу ниети жок экендигин билдирди. Мындан тышкары, АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода карама - каршылыктары соода келишимде көрсөтүлгөн негиздер боюнча  жакшырып жатат", — деп айтылат баяндамада.

https://ca-news.org/news:1539862