22.04.19.

Түркмөнстандын мамлекеттик соода-чийки зат биржасындагы аукциондо бир жумада 80 миллион 95 миң доллар суммасында 81 келишим түзүлдү.

Аукциондун жүрүшүндө Роосиядан, Улуу Британидан, Биргелешкен Араб Эмираттарынан, Швейцариядан, Кытайдан, Түркиядан, Афганистандан жана Казакстандан келген ишкерлер мунайды кайра иштетүүчү Түркмөнбашы комплексинде өндүрүлгөн суюлтулган газ, полипропилен, дизелдик күйүүчү май, авиациялык керосин жана базалык май сатып алышты. Кытайлык жана Афганистандык бизнесмендер, Сейдин  мунайды кайра иштетүүчү ишканасынын мунай жол чайрын сатып алышты. Россиядан, БАЭден, Корея Республикасынан жана Казакстандан келген соодагерлер Киянлы полимердик өндүрүш ишканасында өндүрүлгөн жогорку тыгыздыктагы полиэтиленге кызыкдар экендигин билдиришти.

Мындан сырткары Россиялык, БАЭлик, Түркиялык, Ирландиялык, Афганистандык, Украиналык, Казакстандык, Кыргызстандык жана Өзбекстандык ишкерлерге түзсүз жалпак айнек, портландцемент, пахта жиби жана пахта буласы сатылды.

Россиядан, Кытайдан, Түркиядан, Улуу Британиядан жана Канададан келген ишкерлер жалпысынан 14 миллион 335 миң манат өлчөмүндө түрдүү текстилдик жана жынсы буюмдарын,  пахта кездемесин жана жип, ошондой эле аралаш курамдуу жип сатып алышты.

http://www.turkmenistan.ru/ru/articles/44035.html