05.15.19.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы  Бердимухамедов Ашхабад шаарында КМШ мамлекеттеринин чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын XIV форумунун расмий ачылышында,

Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештиги (КМШ) аймагында гуманитардык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Путин:"Гуманитардык кызматташтык мурдагыдай эле КМШнын алкагындагы  абдан маанилүү өнөктөштүк багыттарынын бири", - деп белгилеп өттү.

Өз кезегинде Бердимухамедов өлкөлөрдүн маданият, көркөм өнөр, адабият, илим тармактарындагы жетишкендиктери, достук, бир туугандык байланыштарды бекемдөө үчүн кызмат кыла тургандыгын айтты.  Достук мамилелерди жаңы баскычка алып чыгуу - чыгармачыл жана илимий ишмерлердин милдети экендигин баса белгиледи.

5-майда Армения, Азербайжан, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина жана Орусиянын  200дөн ашык өкүлдөрү гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулоо үчүн  Ашхабад шаарында чогулушкан болучу.

Талкуу "Шериктештиктин жалпы гуманитардык аймагы: маданият, илим жана билим берүү тармагында диалог"- аттуу теманын алкагында болуп өттү.

Бул жыйындын программасында КМШ мамлекеттер аралык "Шериктештиктин жылдыздары"  сыйлыгын тапшыруу аземи жана  2020-жылы Шериктештиктин маданий борбор шаары деп жарыяланган, Казакстандын Шымкент шаарын көрсөтүүсү да камтылган.

https://news.rambler.ru/other/42178614-prezidenty-rossii-i-turkmenii-otmetili-vazhnost-gumanitarnogo-sotrudnichestva-stran-sng/