21-майдан Түркмөнстандын улуттук туристтик "Аваза" аймагында  TGC 2019 X Эл аралык аттуу газ конгресси отурумун баштады.

Конгресске бир катар чет мамлекеттердин  бийлик өкүлдөрү, ири энергетикалык компаниялардын, эл аралык каржы уюмдарынын, дипломаттар, эксперттик топтор, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда. Бул конгрессти мамлекеттик концерн "Түркмөнгаз" жана  "Түркмөн Форум" компаниясы  тарабынан уюштурулду.

Формудун алкагында дүйнөлүк газ рыногунун өнүгүү перпективалары, Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия газ түгүнүн региондогу тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуудагы ролу, Түркмөн жаратылыш газын экспорттоо маршруттарын диверсификациялоо, Түркмөнстанда газ-хмимялык жана газды кайра иштетүү өнөр-жайын өнүктүрүү үчүн түзүлгөн шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү,  ошондой эле инвестиция салуу, газдын монетизациясы, өндүрүштү бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар жана башка маселелердин алкагында кызматташуу сыяктуу темалар талкууланат.

Түркмөнстан Президентинин эл аралык транспорттук коридорлорду куруу жана айлана-чөйрөнү коргоо, мунай жана газ тармагындагы эл аралык кызматташуу жаатындагы демилгелерин ишке ашырууга байланыштуу маселелерге  өзгөчө көңүл бурулмакчы.

https://turkmenportal.com/blog/19150/segodnya--nachinaet-rabotu-x-mezhdunarodnyi-gazovyi-kongress-turkmenistana