24.05.19.

Каспий деңизинин жээгине жакын жайгашкан Түркмөнбашы шаарында, (эски аты Красноводск) жаңы порт курулуп жана ишке берилди.

Ошол эле учурда, порттун ачылышына "Улуу жибек жолу - Өнүгүүнүн жаңы чектери" аттуу форум өткөрүлүп, ага Түркмөнстандын чакыруусу менен Каспий жана Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик өкүлдөрү, эл аралык транспорттук, каржылык, гуманитардык уюмдар, эл аралык маалымат агенттиктери, басма сөз өкүлдөрү катышты.

 Дүйнөлүк класстагы деңиз порту жана анын мааниси.

Түркмөн порту татаал эл аралык транспорттун  заманбап системасынын маанилүү элементи боло алат. Ал Азиядан Европага   масштабдуу жүк агымынын  саякат убактысын кыскартып, аралыкты жакындатат. Бул порт,  Азия жана Еропа  өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну жаңы даражага алып чыгат.  Дүйнөнүн ар кайсы аймактарына, жүктөрдү кабыл алуу жана жөнөтүү үчүн узак аралыкта жайгашкан, климаттык өзгөчөлүктөр менен татаалдашкан Балтика өлкөлөрү үчүн дагы жеңилдик болмокчу.

Түркмөнбашы портунун аянты - 152 гектарды  түзүп, бир эле учурда 17 кеме кабыл алып, жалпы узундугу эки километрди түзөт. Порт жылына 300.000 жүргүнчү жана 75.000 жүк ташуучу машинасын тейлей алат. Бардык технологиялык протцесстер спутниктик системасы аркылуу текшерилет.

2000-жылы бул деңиз коридору боюнча, өкмөттөр аралык келишимге Санкт-Петербургда Индия, Иран жана Орусия кол койгон. Кийинчерээк Казакстан, Беларус, Оман, Тажикстан, Армения, Азербайжан, Сирия, Болгария өлкөлөрү келишимге кошулушкан. Ал эми,  Түркия, Украина жана Кыргызстан, келишимге кошулуу ниетин билдиришкен. Коридордун узундугу - 7000 км, ал Мумбай (Индия) портунан Санкт-Петербург жана кийинчерээк Балтия жана Скандинавияга чейин созулат. Негизги идея - Перс булуңунан жана  Индиядан келген товарлар менен Иран портторун жүк менен  камсыз кылуу. Андан кийин - Чыгыш, Борбордук жана Түндүк Европа  өлкөлөрүнө - Орусиянын темир жол тармагы, же деңиз  ички суу жолдору  менен жеткирүү болуп саналат.

http://www.turkmenistan.ru/ru/articles/43440.html