04.07.19.

Шведцариялык Henley & Partners компаниясы “мобилдүү” паспорту бар деп эсептелген мамлекеттердин, 2019-жылдын үчүнчү кварталына тиешелүү рейтингин жарыялады.

Анда, Кыргызстандын жарандары визасы жок 62 өлкөгө, Казахстан — 57 өлкөгө, Таджикстан — 57, Өзбекстан — 56, жана Түркмөнистан жарандары 51 мамлекетке кире алышат.

Кыргызстан рейтингде Монголия менен бирдикте 82 орунду ээлешкен. Казахстан 69 орун жана Таджикстан — 87, Өзбекстан —  88,  Түркмөнистан болсо 93 катарды ээлеген. Рейтингде биринчи орун Япония жана Сингапур өлкөлөрүнө таандык болгон. Бул эки өлкөнүн жарандары, дүйнөнүн 189 мамлекетине визасыз эле кире алышат. Экинчи орунду болсо, Финляндия, Германия жана Түштук Корея мамлекеттери камсыздашкан. Бул үч өлкөнүн жарандарына, 187 мамлекеттин эшиги ачык. Үчүнчү орунду 186 өлкөгө визасыз кирүү мүмкүнчүлүгү менен  Дания, Италия жана Люксембург мамлекеттери ээлешкен. Ал эми эң акыркы орундарды болсо, Сирия, Ирак жана Афганистан өлкөлөрүнүн жашоочулары 30 гана мамлекетке визасы жок кирүү укугуна ээ болушкан.

https://ca-news.org/news:1554984