12.09.19

Бүгүн, 12-сентябрда Ашхабад шаарында «Түркмөнстандын энергетика тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттары” аттуу эл аралык көргөзмө жана илимий конференциянын ачылыш аземи болуп өттү.

Өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов, катышуучулардын алдына чыгып сөз сүйлөдү. Гурбангулы Бердымухамедов: “Акыркы жылдары баардык дүйнө жүзүндө энергия ресурстарына болгон суроо-талап өсүп жаткандыгына байланыштуу, көп өлкөлөр Түркмөнстан менен бул жаатта кызматташууну каалайт. Мындай көрүнүш, биздин өлкөбүздүн эл аралык аренада  кадыр-баркынын өсүп жаткандыгынан кабар берет.   

Курулуш иштери жүрүп жаткан Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия газ кууру сыяктуу ири долбоорлор менен бирге эле Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан электр өткөрүү чубалгылары дагы курулууда. Мындай маанилүү ири долбоорлор ишке берилсе, бир гана аны куруп жаткан өлкөлөр үчүн гана эмес жалпы аймактагы  мамлекеттер үчүн дагы пайдалуу болоруна ишенем”- деп белгилеп өттү.

Эл аралык көргөзмө жана конференциянын ишине,   энегетика тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар болгон чет өлкөлүк компаниялар жана ишкерлер катышууда. 

 

https://ca-news.org/news:1566203