17.09.19

Түркмөнстан Кыргызстанда соода үйүн ачууну көздөп жатат, бул тууралуу 16-сентябрь күнү Түркмөнстандын Өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдигинин президенти Александр Дадаев Бишкек шаарында болуп өткөн, кыргыз-түркмөн бизнес-форумунда билдирди.

Анын айтымында, бизнес-форумга Түркмөнстан тараптан 37 ишкананын өкүлдөрү келип катышууда. Бул ишканалардын баардыгы кыргыз бизнесмендери менен иштешүүгө даяр экендигин белгилеп өттү.

Александр Дадаев: “Кыргызстан өткөн жылы Түркмөнстанга 13 миллион долларга бааланган товарын экспорттко чыгарган. Ал эми, Түркмөнстан тарап 3 миллион доллар өлчөмүндө товарын саткан болучу. Мындай кадамдар эки тараптуу кызматташуунун башталышы гана деп эсептейбиз. Бүгүн биз, Кыргыз Республикасынын Экономика минстри менен жолугуштук. Жолугушуу учурунда, инвестициялык ишмердүүлүк тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Биздин эң негизги максатыбыз Кыргызстанда соода үйүн  ачууну пландап жатабыз. Алгачкы кадамдарды биз баштадык, калган иш аракеттер сиздерге көз каранды. Менимче, мындай аракеттер Кыргызстан жана Түркмөнстандын ортосундагы кызматташтык мамилелерге жаңы күч-кубат бере тургандыгына ишенем” – деп билдирди.

Ал эми, Кыргыз Республикасынын Өнөр жайчылар жана ишкерлер бирикмесинин президенти Данил Ибраев кыргыз тараптан бизне-форумга 120 ишкананын жетекчилери катышып жаткандыгын маалымат иретинде айтып өттү.

 

http://www.tazabek.kg/news:1566753?from=portal&place=last&b=2