20.09.19

Түркмөнстанда массалык түрдө пахта чогултуу иштери башталды.

Өлкөнүн  Ахал, Балкан, Лебап жана Марий облустарында пахта терим иштери 11-сентябрда эле башталган болучу. Ал эми, өлкөнүн түндүк аймагында жайгашкан Дашогуз облусунда терим 18-сентябрь күнү башталды.

Үстүбүздөгү  жылы,  түркмөн дыйкандары пахтаны кабыл алуу жайларына 1,05 миллион тонна “ак алтын” тапшыруу боюнча милдеттенме алышкан болучу. Мамлекет облустардын мүмкүнчүлүгүнө жараша Ахал облусу 207 миң тонна,  Балкан облусу 5 миң тонна,   Дашогуз  облусу 230 миң тонна,    Лебап облусу 295 миң тонна  жана Марий облусу 313 миң тонна пахта өндүрүүгө  милдеттендирген. Жалпысынан өлкөдө, 550 миң гектар аянтка пахта эгилген.

Эске сала кетсек, пахта Түркмөнстандын экспортко чыгарып сатуучу  негизги айыл чарба өсүмдүгү  болуп саналат. Өткөн жылы, дыйкандар жалпы өлкө боюнча 1,1 миллион тонна пахта жыйнашкан.

https://yandex.ru/news/story/V_Turkmenistane_pristupili_k_massovomu_sboru_khlopka--fb3aaee61074d10071050a2407357910?lang=ru&from=rss&stid=hP3OX6Tnu0Wd