01.10.19

1-октябрь күнү Кытай Элдик Республикасынын  70 жылдыгын  белгилөө салтанатында, аталган өлкөнүн Түркмөнстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Сунь Вэйдун мырза, жергиликтүү “Түркмөнпортал” маалымат агенттигине маек берген.

Элчи мырза: «Азыркы учурга чейин, жалпысынан алганда Кытай Түркмөнстандан 250 миллиард кубометр газын сатып алган. Кытай өкмөтү 2009-жылы узундугу 1800 километрди түзгөн Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кытай мамлекеттеринин аймактарын кезип өткөн газ куурун ишке бергенден кийин, Түркмөнстан биздин жаратылыш газы боюнча ири өнөктөшүбүз болуп калды” –деп билдирди.

Элчи Сунь Вэйдун мырзанын айтымында, ал дүйнөдөгү эң узун чек араларды кезип өткөн газ кууру болуп калды. Ошондой эле ал “Жаңы кылымдын энергетикалык Жибек жолу” макамына ээ болду.

Анын айтымында, эки өлкөнүн энергетика  тармагындагы кызматташтыгы, Кытай Элдик Республикасын жаратылыш газы менен узак мөөнөткө жана туруктуу камсыз болуусуна себепкер болмокчу. Ал эми, Түркмөнстан үчүн социалдык-экономикалык абалын чыңдоо үчүн маанилүү каражат булагы болуп калды.

Элчинин айтымында, Кытай өкмөтү Түркмөнстан тарап менен биргеликте эки тараптуу энергетика кызматташтыгынын иш аракеттерин дагы кеңейтүүгө жана өстүрүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле, Түркмөнстан – Кытай газ куурун эксплуатациялоо, коопсуздук жана туруктуулукту биргеликте камсыздоо, газды кайра иштетүү, күндөн жана шамалдан энергия алуу боюнча долбоорлордун үстүндө кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө кытай тарап даяр экендигин белгиледи.

https://turkmenportal.com/blog/22008/posol-knr-sun-veidun-kitai-importiroval-iz-turkmenistana-250-milliardov-kubometrov-gaza