09.10.19

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов башчылыгы астында, өкмөттүн минстирлер кабинетинин жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында, 2019-жылдын январь-сентябрь айларында ИДПнын 6,3% пайызга өскөндүгү белгилүү болду. Вице-премьер минстр  Гөчмурад Мурадов, өлкөнүн 2019-жылдын алгачкы тогуз айынын экономикалык абалы тууралуу билдирүү жасады.

Анын айтымында, өткөн 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда, ИДПнын 6,3% пайызга өскөндүгүн билдирди. Түркмөнстандын мамлекеттик “AJANSI-TDH” кабар агентигинин берген маалымат боюнча, чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 19,1% пайызга өскөн. Ал эми, тышкы соода жүгүртүү болсо 2,8% пайызга жеткен.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жыйындын жүрүшүндө “Түркмөнстанды өнүктүрүү” программасынын алкагында, жалпы  экономика тармагына ири инвестициялык салымдар болгондугун билдирди. 2019-жылы Түркмөнстанга 30 миллиард манат (8,6 миллиард доллар) өлчөмүндө инвестиция болгондугун белгилеген президент, мындан тышкары бир катар эл аралык долбоорлор дагы ишке ашырылгандыгын билдирди.

http://kabar.kg/tur/news/turkmenistan-ekonomisi-yuzde-6.3-buyudu/