22.10.19

Ашхабад шаарында, 22-октябрь күнү Түркмөнстандын Соода жана өнөр-жай палатасынын көргөзмө борборунда, “Туркменнефть” компаниясы  «Turkmen Forum» компаниясы менен биргеликте, 24-эл аралык “Түркмөнстан-2019 мунай жана газ” (Oil and gas of Turkmenistan – OGT 2019) бизнез форуму болуп өттү.

Форумдун алкагында,  көргөзмө жана конференция  өткөрүү каралган.

Форумга, алдыңкы дүйнөлүк энергетикалык компаниялар, окумуштуулар, эксперттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ата мекендик жана чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

"Мунай жана газ-2019" көргөзмөсүндө, дүйнөлүк мунай жана газ рыногундагы алдынкы өндүрүүчүлөрү өздөрүнүн жетишкендиктерин  көрсөтүштү.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине өкмөт мүчөлөрү, ведомстволордун, коомдук уюмдардын жетекчилери, Түркмөнстанда аккредитациядан өткөн компаниялардын башчылары, мунай-газ тармагындагы адистер, чет элдик меймандар катышышты.

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзүнүн кайрылуусу менен форумдун ишин баштап берди. Ал өз сөзүндө: “Ири жаратылыш байлыгы бар биздин өлкөдө, бир нече мунай жана газ комплекстеринин долбоорлору ишке ашып жатат. Өзгөчө Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия газ куурунун долбоорун атап өтсөк болот. Азыркы учурда, эл аралык ири газ куурунун курулушу жогорку темпте жүрүп жатат. Анын курулуп ишке берилиши, аймактагы өлкөлөрдүн коопсуздугун жана туруктуулугун бекемдөөгө, экономикалык кызматташууну активдештирүүгө өбөлгө түзөт” – деп билдирди.

Болуп жаткан форумдун алкагында, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү үчүн Түркмөнстандын мунай жана газ комплексинин башчылары менен жолугушууга жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүүгө кенен мүмкүнчүлүктөр  түзүлмөкчү.

Эске сала кетсек, жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан бул форум, мунай-газ тармагы боюнча, Түркмөнстан менен өнөктөштүктү өнүктүрүүнү жана бекемдөөнү камсыз кылууга багытталган кадыр-барктуу бизнес-форум болуп саналат.

https://turkmenportal.com/blog/22516/v-ashhabade-otkrylsya-krupneishii-neftegazovyi-forum