23.10.19
Дүйнөлүк Банк, Түркмөнстандын жаратылыш газы менен Европаны камсыз кылуу тууралуу  алгачкы сүйлөшүүлөргө даяр.

 Мындай билдирүүнү,  Дүйнөлүк банктын мунай жана газ боюнча башкы адиси  Александр Хуурдеман 22-октябрь  күнү,  Ашхабад шаарында болгон конференцияга катышуу учурунда билдирген. Ал тууралуу “РИА Новости” агенттиги жазып чыкты.

Эл аралык "Түркмөнстан мунай жана газ - 2019" конференциясында сүйлөп жатып, Александр Хуурдеман мырза, Түркмөнстан дүйнөдө жаратылыш газынын көлөмү боюнча төртүнчү оруна ээ экендигине токтолду. Ал эми, өндүрүлгөн күйүүчү майдын негизги бөлүгүн, Кытайга экспорттой тургандыгын белгиледи. Александр Хуурдемандын мырзанын айтымында,  жакында Россияга түркмөн газын кайрадан экспорттоо башталды, бирок бул көрсөткүч өтө аз денгээлде калууда.

Ошондой эле ал өз сөзүндө, Европага түркмөн газын экспорттоо тууралуу   көп жолу талкуулар болгондугун  белгилеп, бирок ал эч качан аткарылбай келгендигин билдирди.

Александр Хуудерман мырза, кошумча ирээтинде, Каспийдин укуктук статусу жөнүндөгү конвенцияга кол коюлгандыгын жана 2020-жылы  “Түштүк газ коридору” долбоору аягына чыккан соң, Европа биримдигине мүчө өлкөрлөргө түркмөн газын жеткирүү чындыкка жакын болорун белгиледи. Ал сөзүнүн аягында: “Биз Түркмөнстандын жаратылыш газын, Европага алып барып сатуу  боюнча түркмөн тарап менен сүйлөшүүгө даярбыз” - деп аяктады.

https://centralasia.news/5404-vsemirnyj-bank-obsudit-postavku-turkmenskogo-gaza-v-evropu.html