02.11.19

Түркмөнстан туруктуу энергетикалык кызматташуу жаатында Шанхай кызматташык уюмуна  (ШКУ) мүчө өлкөлөр менен көп кырдуу кызматташтыка даяр экендигин билдирди.

Бул тууралуу 2019-жылдын 2-ноябрь күнү Ташкент шаарында болуп өткөн ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйналышында Түркмөнстандын Тышкы иштер министри  Рашид Мередов билдирди.  

Рашид Мередов: «Бүгүн биздин алдыбызда, энергетиканы ташып жеткирүүнүн туруктуу системасын түзүү, анын диверсификациялоо, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу маселеси турат. Ушул стратегиялык багытта Түркмөнстан ШКУга мүчө мамлекеттер менен системалык жана көп кырдуу кызматташтыкка даяр», - деп билдирди.

Шанхай кызматташтык уюму 2001 - жылы Кытай, Оруссия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын лидерлери тарабынан негизделген. 2007- жылы уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары,  Индия жана Пакистанды уюмга кабыл алуу чечимине кол коюшкан. Азыркы учурда, ШКУга байкоочу катары  Афганистан, Белоруссия, Иран жана Монголия мамлекеттери киришкен. Ал эми Азербайджан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка мамлекеттери уюм менен кызматташкан өлкөлөр  болуп саналышат.

Түрмөнстандын ШКУда расмий статусу жок.

http://www.gundogar.org/?022500000000000000011062019110000#19005