10.11.19

“Туркменховаёллары” авиакомпаниясы, 2020 - жылдын февраль айынан баштап, Джидда (Сауд Аравиясы) жана Куала-Лумпур (Малайзия) шаарларынын ортосунда туруктуу авиакаттамдарды ишке ашырууну баштамакчы. Бул тууралуу, centralasia.news маалымат агентигинин Түркмөнстандагы кабарчысы билдирди.

Эки шаардын ортосундагы авиакаттамдарды, “Boeing 777-200LR” үлгүсүндөгү учактар аткармакчы.

Акыркы жылдары, Түркмөнстандын авиация тармагында жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү  ташууда бир топ алдыга жылыштар байкалган. Себеби, дүйнөлүк стандарттарга жооп берген жаңы үлгүдөгү аэропорттор салынып жана белгилүү компаниялардан жаңы учактар сатылып алынууда.

Эске сала кетсек, азыркы учурда авиакомпания жылына 2 миллион жүргүнчүнү ташып турат. Учактардын жана жаңы авиакаттамдардын санынын көбөйүшү менен жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү жылына 15-20% пайызга артууда.

Азыркы учурда, авиакомпаниянын паркында “Boeing” үлгүсүндөгү жыйырма учагы бар. 2013-жылы “Boeing 737-800” маркасындагы үч даана учак сатылып алынган. Мындан тышкары 2014-2018-жылдар аралыгында дагы бир нече учактар менен толукталган болучу.

Түркмөнстандын мамлекеттик статистикалык комитетинин билдиришинче, 2019-жылдын январь жана август айларынын аралыгында, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу жүктөрдү ташуу 34,6% пайызга өскөн. Ал эми, жүргүнчүлөрдү ташуу 2,3% пайызга жогорулаган.

https://centralasia.news/5502-turkmenskie-avialinii-zapustjat-rejsy-v-dzhiddu-i-kuala-lumpur.html