29.12.19

Түркмөнстандын Ашгабат шаарында 27-28-ноябрь күндөрү “Туркментел-2019” эл аралык коммуникациялык форуму болуп өттү. Форумдун жыйынтыгында, Түркмөнстан жана Азербайжан өкмөттөрүнүн ортосунда, Каспий деңизинин түбү аркылуу оптикалык коммуникациялык байланыш линияларын биргелешип куруу боюнча келишим түзүлдү.

Аталган долбоорду ишке ашыруу аркылуу, Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаары  жана Азербайжандын Сиазань шаарларынын  ортосундагы телекоммуникациялык байланышы чыңдалмакчы. Долбоор аягына чыкса, эки шаардын гана эмес бүтүндөй Азия жана Европанын ортосундагы транзиттик телекоммуникациялык байланышты бекемдөөгө көмөкчү болот. 

Азыркы учурда, Түркмөнстандын аймагы аркылуу 5 даана  эл аралык магистралдык оптикалык телекоммуникациялык байланыш линиялары өтүп турат. Аларга, Ашгабат (Түркмөнстан) – Баджигиран (Иран), Серхетабат (Түркмөнстан) – Герат (Афганстан), Имамназар (Түркмөнстан)  – Акина (Афганстан), Туркменабат (Түркмөнстан)  – Бухара (Өзбекстан) жана Гарабогаз (Түркмөнстан) – Фетисов (Казакстан) шаарлары кирет. 

Телекоммуникациялык байланыш тармагында жогорку технологиялык жабдуулардын колдонулушу, мамлекеттердин социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө жана эл аралык кызматташтыкты ийгиликтүү өнүктүрүүдө маанилүү фактор болуп эсептелет.

http://www.turkmenistan.ru/ru/articles/44556.html