10.12.19

Түркмөнстандын Түркменбашы шаарына "КАМАЗ" компаниясынын кезектеги 110 даана жүк ташуучу унаалары алынып келгендигин  “Түркмөнстан: алтын кылым” маалымат сайты жазып чыкты.

Акыркы түзүлгөн келишимдерге ылайык, Түркмөнстан Россиядан “КАМАЗ” маркасындагы оор жүк ташуучу  2000 даана унаа сатып алмакчы. Аларды алып келүү иштери, акырындап жүзөгө ашырылып баштады. Тактап айтканда, Түркмөнстандын Өнөр жай жана коммуникациялар министрлиги 2019-жылы россиялык өнөктөштөрдөн 200 даана оор жүк ташуучу унааларын сатып алган болучу. Дагы ушул жылдын аягына чейин 20 авто унаалар алынып келүүсү күтүлүүдө.

Түркмөнстан "КАМАЗ" компаниясынын авто унааларын дайыма сатып алуучу ири жана туруктуу кардарларынын бири болуп саналат.  Түркмөнстан 2008-2018-жылдар аралыгында  “КАМАЗ” маркасындагы  9000 ашык авто унаасын сатып алган. Бул жүк ташуучу унаалар, өлкөнүнүн  ар түрдүү экономикалык тармактарында колдонулуп келүүдө.

Түркмөнстандын Ашгабад, Балканабат, Мары жана Түркмөнабат шаарларында  "КАМАЗ" компаниясынын дилердик сатуу бөлүмдөрү ачылган.

Эскерте кетсек, "КАМАЗ" компаниясы дизелдик кыймылдаткычтар менен иштеген оор жүк ташуучу унааларды чыгарган, дүйнөнүн алдыңкы өндүрүүчүлөрүнүн катарына кирет. Негизги өндүрүш заводдору Набережные Челны (Татарстан, Россия) шаарында жайгашкан.

https://turkmenportal.com/blog/23702/v-turkmenistan-pribyla-ocherednaya-partiya-avtomobilei-kamaz