15.12.19

Түркмөнстанда жакынкы учурда, IP-тюнерлери орнотулган жаңы үлгүдөгү телевизорлорду чыгарып башташат. Бул тууралуу, Түркмөнстандын өкмөт өкүлдөрүнүн  жыйналышы учурунда  маалым болду.

Экранынын көлөмү 32 дюйм, 42 дюйм жана 55 дюйм чоңдукта болгон телевизорлорду “Aýdyň gijeler” ишканасы чыгарууну пландап жатат. Телевизорлорду жасоодо, IP-тюннер экрандары колдонулмакчы. Түркмөнстандын Телекоммуникация жана информатика институтуна караштуу, жаш илимпоздор борборунда иштеген адистер тарабынан жасалган программалар  менен камсыз болушмакчы.

Өндүрүштүн сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылуу үчүн “Aýdyň gijeler” ишканасынын бир нече адистери, чет өлкөлөрдөн тиешелүү даярдыктардан  өтүп келишкен.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, заманбап телевизорлорду  өндүрүүнү колдоо ирээтинде өз пикирин билдирген. Президенттин айтымында, Түркмөнстандын ата мекендик өндүрүш тармагын өнүктүрүүдө  жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Анын ичинде, электрондук индустриянын өнүгүшүн күчтөндүрүү үчүн биргелешкен ишканаларды куруу керек экендигин билдирип өттү.

http://kant.kg/2019-12-16/v-turkmenistane-nachnut-vypuskat-televizory-so-vstroennymi-ip-tyunerami/