21.12.19

Түркмөнстандын Лебап велаятынын түштүгүндө жайгашкан “Таджибай” газ кенинде, жакында эле көгүлтүр отту өндүрүү иштери башталды.

Азыртадан эле “Лебапгазчыкарыш” («Лебапгазодобыча») газ өндүрүүчү башкармалыгы биринчи газ скважинасынан буга чейин 10 миллион кубо метр өлчөмүндө көгүлтүр от өндүрүүгө жетишкен. Бул тууралуу, “Түркмөнстан: Алтын кылым” интернет-басылмасы жазып чыкты.

 Газ кудугунун суткалык өндүрүмдүүлүгү 450 миң кубо метрди түзөт. Аны менен катар дагы үч чалгындоочу газ кудуктары  курулуп жатат  деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы ачылган “Таджибай” газ кени өлкөнүн чыгыш аймагында жайгашкан. Кен чыккан жерде, газды казып алуу үчүн курулуп жаткан жаңы кудуктарды ишке киргизүүнүн эсебинен көгүлтүр оттун көлөмү эки  эсе көбөйүүсү деп күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, "Түркмөнгеология" мамлекеттик корпорациясы бул жылдын май айында, “Тажибай” газ кенин ачкан болучу. Түркмөнстан көгүлтүр отундун запасы боюнча, дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Мунайдын жана газдын бай жаратылыш запастары экспорттук кирешенин негизги булагы катары эсептелет. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында тышкы карызды жабууга жана мамлекеттик бюджеттин олуттуу өсүшүн камсыз кылууга чоң мүмкүндүк берген.

Учурда, Түркмөнстандын газынын негизги сатып алуучу кардары  Кытай мамлекети болуп эсептелет. 2019-жылдын апрель айында үч жылдык тыныгуудан кийин, Россиянын “Газпром” компаниясы Түркмөнстандан газ сатып алууну  кайрадан жандандырды.

https://centralasia.news/5750-na-mestorozhdenii-tadzhibaj-v-turkmenistane-nachalas-promyshlennaja-dobycha-gaza.html