25.12.19

2019-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча, Түркмөнстан жана Өзбекстан ортосундагы товар жүгүртүү 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик 90% пайызга көбөйүп, $457,8 миллион долларды түздү.  Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети  тышкы соода боюнча берген отчётунда маалымдайт.

Отчётто көргөзүлгөндөй, Өзбекстанга экспорттолгон Түркмөнстандык товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн суммасы $374,1 миллион доллар, ал эми Түркмөнстанга импорт болуп келген товардын баасы $83,7 миллионго долларга бааланган. Өзбекстандан Түркмөнстанга экспорттолгон товардын көлөмү дээрлик эки эсеге өскөн. Мисалы, 2018-жылы  $43,8 миллион доллар болсо, 2019-жылы $83,7 миллион долларга жеткен.

Маалыматка ылайык, Түркмөнстан Өзбекстандын  тышкы соода өнөктөшү катары, эң алдынкы он өлкөнүн ичинен орун алган. Ошол эле убакта, Түркмөнстан Өзбекстандан товар сатып алган  өнөктөш өлкөлөрдүн ичинен алдынкы жыйырма мамлекеттин катарына  кирген.

Өзбекстан Түркмөнстанга транспорт каражаттары, минералдык жер семирткичтер, жашылча-жемиш продукцияларын, курулуш материалдарын, электр жана механикалык жабдуулар, металл буюмдарын экспортойт.

Түркмөнстан Өзбекстанга  мунай, нефтехимиялык продукцияларын, пропилендик полимерлерди, пахта жана айнек экспорттойт.

Эскерте кетсек, 2020-жылга карата эки өлкөнүн өз ара соодасынын көлөмүн $500 миллион долларга чейин жеткирүүгө ниеттенишүүдө. Ал эми, акыркы статистикага караганда, бул пландар жакынкы келечекте ишке ашырылгандан сырткары, ашыкча аткарууга дагы мүмкүнчүлүк болчудай.

https://ca-news.org/news:1587435