27.12.19

Түркмөнстандын Каржы жана экономика министрлиги, кошуна өлкөлөр менен сооданын жүгүртүүнүн көлөмү, акыркы үч жылда көбөйгөндүгүн  билдирди.

Түркмөнстандын Каржы жана экономика министрлиги жана “Экономика” журналынын тараткан маалыматына ылайык, Бириккен Улуттар Уюмунун, Борбордук Азия жеке экономикалык программасына (SPECA), кирген өлкөр (Түркмөнстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Афганстан)  менен Түркмөнстандын соода жүгүртүүсү арткан.

Таратылган маалыматта, Түркмөнстандын Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Афганстан өлкөлөрү менен болгон жалпы сооданын көлөмү, 2017-жылы  982 миллион доллар өлчөмүндө болгон. Ал эми, 2018-жылы 13% пайызга көбөйүп, 1 миллиард 113 миллион долларга жеткен. Ошондой эле, 2019-жылдын алгачкы 9 айында бул көрсөткүч 1 миллиард доллардан ашкан.

Эскерте кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азия жеке экономикалык программасынын (SPECA), негизги максаты,  Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн экономикалык биримдигин чыңдоо  жана дүйнөлүк экономикага интеграция болуусуна жардам берүү болуп саналат.

Kaynak: https://www.trtavaz.com.tr/haber/tur/avrasyadan/turkmenistan-komsu-ulkelerle-ticaretini-arttirdi/5e05cffe01a30a17d0e5b6dc