12.02.20

Түркмөнстанда 2020 - жылдын январь айында мунай өндүрүү 318,2 миң тоннаны, газ болсо 376 миллион кубометрди түзгөн. Мындай көрсөткүч, өткөн жылга салыштырганда алда канча жогору. Бул тууралуу, "Түркмөнстандын мунайы жана газы" аттуу интернет-газетасы жазып чыкты.

Өткөн 2019-жылдын январь айында 110 миң тонна чийки мунай өндүрүлүп, 2020-жылдын январь айына салыштырганда, дээрлик үчтөн бир бөлүгүн гана түзгөн.

“Түркмөнбашы” мунайды кайра иштетүүчү заводуна 305,2 миң тоннага жакын чийки мунай заты кайра  иштетүү үчүн жөнөтүлгөн. Ал эми, 2020-жылдын январь айында өлкөнүн батыш регионунда өндүрүлгөн жаратылыш газын керектөөчүлөргө жеткирүү өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 117,4% пайызга көптүк кылган.

"Түркмөннефть" концерни жаңы нефтинин жана газдын кендерин табуу үчүн изилдөө жана чалгындоо иштеринин географиясын кеңейтүүдө. Чалгындоо иштеринде, жаңы заманбап жабдууларды кеңири колдонулат.

https://turkmenportal.com/blog/25130/v-turkmenistane-vozrosla-dobycha-nefti-i-gaza