14.02.20

Түркмөнстандын нефти продуктуларын сезондук транзиттик ташуу боюнча, Грузиянын жана Азербайжандын темир жол компаниялары макулдашууга кол коюшту. Макулдашууга ылайык, Түркмөнстандан, Грузиянын аймагы аркылуу Европага ташылып өтүүчү мунай заттары үчүн алынуучу налогдун жаңы тарифтери бекитилди.

Бул тууралуу, "Грузин темир жолу" акционердик коомунун басма-сөз кызматына таянуу менен “ТАСС” маалымат агенттиги  жазып чыкты.

Мунай продуктуларын сезондук ташуу 1-апрелден 1-ноябрга чейинки мезгилге созулат. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары Түркмөнстандын мунайын жана мунай продуктуларын ташуу үчүн алынуучу бирдиктүү тарифтик баа  маселесин бир добуштан чечишет.

 Түркмөнстан 2007-2008-жылдар аралыгында, Европага Грузия аркылуу 200 миң тоннага жакын мунай жана мунай продуктуларын ташып өткөн. Андан соң ортодо тыныгуу болуп, 2015-жылдан тарта Түркмөнстандын мунай  продуктулары кайрадан Европага Грузия аркылуу экспортко чыгарылып баштаган.

Жалпысынан 2016-жылы, 1,300 миң тонна Түркмөнстандын мунай заты Грузиянын аймагы аркылуу ташылып өткөн.

Эскерте кетсек, азыркы учурда Түркмөнстандан Грузияга жыл сайын бир жарым миллион тонна мунайды ташуу жөнүндө келишим бар.

https://turkmenportal.com/blog/25170/turkmenistan-budet-perevozit-neft-i-nefteprodukty-cherez-gruziyu-po-snizhennym-tarifam