26.02.20

24-25-февраль күндөрү, Дубай шаарында Түркмөнстандын энергетика тармагына инвестицияларды тартууга багытталган "Түркмөнстандын мунай жана газы 2020" аттуу форум өткөрүлгөн.

Форумга дүйнөнүн кырк өлкөсүнөн келген чет өлкөлүк компаниялар катышты. Алардын арасында, Түркмөнстандын мунай жана газ рыногунда туруктуу өнөктөшү болуп келген, Даниялык “Haldor Topsoe” компаниясы да бар болучу.

Даниялык “Haldor Topsoe” Түркмөнстандын газ жана нефти  тармагында ири лицензиясы бар, чет өлкөлүк компания болуп эсептелет. Бул компания, Түркмөнстанда иш алып барып жатканына 10 жыл убакыт болгон. “Haldor Topsoe” компаниясы, жаратылыш газынан химиялык аммиак жана карбамид заттарын өндүрүп келет. Дубай шаарында акыркы эки тараптуу жетишилген келишимге ылайык, эки ири долбоор ишке ашырылмай болду.

Биринчиси, Балкан облусунда жайгашкан  Гарабогаз шаарында, минералдык жер семирткичтерди өндүрүү болуп саналат.  Бул шаарда мурда эле аммиак өндүрүүчү жабдыктар орнотулган  завод болучу.

Экинчи долбоор болсо, жаратылыш газынан өндүрүлгөн экологиялык жактан таза ЭКО-95 бензинин иштеп чыгуу болуп эсептелет.  Айрыкча, газдан экологиялык жактан таза бензин өндүрүү компаниянын эң чоң жетишкендиги болуп саналат.

Компаниянын өкүлү Вадим Шириевдин айтымында, Түркмөнстанда акыркы он жыл  аралыгында иштеп келе жаткан компания, Түркмөнстандын рыногунда өзүн ыңгайлуу сезе тургандыгын жана өлкөнүн нефти жана газ тармагына жумшаган инвестицияларын кайтарып алууга мамлекет тарабынан гарантия бар экендигин билдирди.

“Haldor Topsoe” компаниясы, мындан ары дагы Түркмөнстан менен кызматташууну кеңейтүүгө үмүттөнөт.

Эскерте кетсек, бул компания Түркмөнстандын нефти жана газ тармагына арналып уюштурулган эл аралык форумдардын активдүү катышуучусу. Мындан тышкары,  көптөгөн иш-чараларга демөөрчүлүк кылып келет.

https://turkmenportal.com/blog/25471/datskaya-kompaniya-haldor-topsoe-nadeetsya-na-rasshirenie-sotrudnichestva-s-turkmenistanom