30.03.20
Түркмөнстандын газ кендеринен өндүрүлгөн көгүлтүр отун, “Борбордук Азия-Кытай” газ кууру аркылуу Кытайга жеткирүүнү бир нече компаниялар ишке ашырышып келүүдө.

Алардын катарына, Түркмөнстандык “CNPC International” компаниясы дагы кирет. “CNPC International” компаниясы Түркмөнстанда эң ири деп эсептелинген "Багтыярлык" газ кенинен казылып алынган көгүлтүр отту, өндүрүү жана экспортко чыгаруу иштерин аткарат.
“Борбордук Азия-Кытай” газ кууру ишке киргенден бери 10 жыл аралыгында, Амудариясынын оң жээгинде газдын жаңы булактарын геологиялык жактан чалгындоо, запастарынын көлөмүн аныктоо жана бургулоо боюнча көптөгөн иштер жүргүзүлгөн. Түркмөнстандын Самандепе жана Хожамбаз райондорунда, кубаттуулугу 14 миллиард кубометр газды кайра иштетүүчү заводдор курулган. Мындан тышкары, өндүрүштүк, логистикалык жана социалдык инфраструктуралык объектилер курулган.
Бүгүнкү күнгө чейин, Багтыярлык газ кенинде 23 даана газ кени аныкталып, 125 даана газ өндүрүүчү скважина курулган. 2019-жылы 14,1 миллиард кубо метр жаратылыш газы өндүрүлүп, Кытайга 13,1 миллиард кубометр газ жеткирилген. Жалпысынан, өткөн жылдын декабрь айынын акырына чейин, Кытай өлкөсүнө тиешелүү "Амударыя" газ компаниясы, 92,9 миллиард кубометр газ экспорттоп, 1,58 миллион тонна конденсат өндүргөн.
Эскерте кетсек, 2007-жылы эки өлкө ортосунда түзүлгөн “Амударыя” долбоору газ тармагында, Түркмөнстан-Кытай кызматташтыгынын жемиштүү үлгүсүнө айланган. Мындан тышкары, Кытайдын “жашыл өнүгүү” концепциясын жайылтууга маанилүү салым кошкон.

https://turkmenportal.com/blog/26389/proekt-amudarya--vazhnyi-vklad-v-zelenoe-razvitie-kitaya