03.04.20
Россияда өндүрүлгөн "Триазавирин" дарысы Түркмөнстанга жеткирилди. Бул тууралуу, дарыны чыгаруучу "Медсинтез" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Александра Петрованын билдирүүсүнө таянып, “ТАСС” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Буга чейин, "Триазавирин" дарысы Кытайга гуманитардык жардам катары жөнөтүлүп, коронавирусту дарылоо үчүн сыноодон өткөрүлгөн.
Александра Петрова: "Биз дары-дармекти Түркмөнстанга жеткирип бердик. Бул гуманитардык жардам эмес, алар өздөрүнүн каражатына сатып алышты", - деп билдирди.
"Триазавирин" дарысы азолоазиндер үй-бүлөсүнө тиешелүү вируска каршы түздөн-түз аракеттенүүчү дары-дармеги болуп эсептелет. Иштеп чыгуучулардын айтымында, ал грипптин 15 түрүнө каршы натыйжалуу күрөшкөн дары болуп эсептелет. Бул дары, Россиянын Илимдер академиясынын Урал шаарындагы бөлүмү жана Урал федералдык университетинин илимпоздору тарабынан иштелип чыккан.
Эскерте кетсек, расмий маалыматтар боюнча Түркмөнстанда коронавирус оорусу катталган эмес.

https://centralasia.media/news:1608194