28.04.20

Түркмөнстан экономикасын индустриялаштырууга жасаган аракетинен улам, 2020-жылдын биринчи чейрегинде, өнөр жайынын  жогорулашына  оң таасирин тийгизген.

Экономика боюнча эксперт Валентин Трапезниковдун айтымында, мындай көрсөткүчтөр азыркы учурдагы  дүйнөлүк кризис шартында дагы өлкөнүн экономикасынын өсүшүн камсыздаганга мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу, "Голос СНГ" үналгысына берген кыскача маегинде билдирген.

Валентин Трапезниковдун белгилөөсүндө, полипропилен өндүрүү үч эсеге, полиэтилен 2,7 эсеге, минералдык жер семирткичтер дээрлик эки эсеге, пахта буласы 89% пайызга, жибек өндүрүү 76,8% пайызга өскөндүгүн билдирди. Жалпысынан, өндүрүлгөн продукциянын наркы, болжол менен 14,4 миллиард манат (4,1 миллион доллар) акча каражатына бааланган. Бул  көрсөткүч, өткөн жылга салыштырмалуу 3,6% пайызга көптүк  кылат.

Эксперттин айтымында, жыл башында отун-энергетика тармагында гана 58,9% пайыз өсүш боло тургандыгы мерчемделген болучу. Бирок ага карабастан, бардык тармактарда металл иштетүү, химия өнөр жайы жана жеңил өнөр жай тармактарында  дагы өсүш байкалган.

Валентин Трапезников Түркмөнстандын экономикасы, дүйнөлүк экономикалык кризиске карабастан, 2020-жылы экономикасындагы өсүү темпин сактай алат деп билдирди.

https://centralasia.news/6569-promyshlennost-turkmenistana-pokazala-pozitivnuju-dinamiku.html