02.05.20

Түркмөнстан компьютер ноутбук жана планшет өндүрүүнү кеңейтүүнү көздөп жатат. Тийиштүү буйрукту 1-май күнү, президент Гурбангулы Бердымухамедов өкмөттүн жыйыны учурунда берген болучу. Бул тууралуу, "Түркмөнстан Бүгүн"  мамлекеттик маалымат агенттиги жазып чыкты.

Тиешелүү техникалык каражаттарды өндүрүүнү  «Agzybirliktilsimaty» ишканасы  ишке ашырат. «Agzybirliktilsimaty» ишканасы 2018-жылдын октябрь айында, Түркмөнстандын Соода жана тышкы экономикалык байланыштар министрлиги жана алдыңкы кытайлык компаниялар менен биргеликте түзүлгөн.

«Agzybirliktilsimaty» ишканасы компьютер ноутбук жана планшеттердин процессорунун кубаттуулугун, оперативдик эс тутумун, экрандын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу иштерин дагы аткармакчы.

Мамлекет башчынын тапшырмасына ылайык, биринчи кезекте,  башталгыч класстын окуучуларын нетбуктар менен камсыз кылуу болуп эсептелет. Бул техникалык каражаттар, мектептерде окуучулардын натыйжалуу билим алуусуна мүмкүндүк берет.

Эскерте кетсек, 2019-жылы 153.885 окуучу президенттин белеги катары нетбуктарга ээ болушкан. «Agzybirliktilsimaty» ишканасынын жылдык кубаттуулугу 500 миң компьютер өндүрүүгө эсептелген. Өндүрүүчүлөрдүн айтымында, өндурүштүн мындай көлөмү Түркмөнстандын компьютерлерге жана кийинчерээк планшеттерге болгон муктаждыгын толук канааттандырат.

https://centralasia.news/6593-v-turkmenistane-naladjat-proizvodstvo-noutbukov-i-planshetov.html