27.04.20

Түркиядан Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанга сапар тарткан, экспорттук товар жүктөлгөн поезд, Каспий деңизине пландаштырылган 9 күндүн ичинде келип жеткендиги  маалымдалды.

Анадолу Агенттиги (Aa.com.tr) маалымат агенттигинин интернет баракчасынан алынган маалыматына ылайык, 2020-жылдын 18-апрель күнү, Түркиянын Карс облусунан жолго чыккан 82 контейнер жүгү бар ири экспорттук поезд, 2020-жылдын 27-апрель күнү Азербайжандын Алат булуңунда жайгашкан Баку эл аралык деңиз соода портуна  (Каспий деңизине) жеткирилген.

Алынган маалыматка караганда, Азербайжанда 20 даана контейнер товар калып, ал эми Казакстанга таандык 24 контейнер кемеге жүктөлүп Актау портуна жеткирилген. Түркмөнстанга тиешелүү болгон  30 контейнер Түркмөнбашы портуна, ал эми 8 контейнер болсо Казакстандын Курик портуна жөнөтүлгөн.

Түркия Республикасынын Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглунун 2020-жылдын 18-апрелиндеги билдирүүсүндө, Баку-Тбилиси-Карс (BTK) темир жолу аркылуу жолго чыккан экспорттук поезд 9 күндүн ичинде, Каспий деңизине жүктөр жеткириле тургандыгын билдирген болучу.

Эскерте кетсек, ар түрдүү зарыл керек болгон товар жүктөлгөн  82 контейнерден турган 940 метрлик ири экспорттук поезд, Карс облусунан 2020-жылдын 18-апрелинде жолго чыккан болучу. Товарларды жүктөө жана ташуу учурунда бардык иштер контактсыз жана интенсивдүү дезинфекциялоо эрежелерине ылайык жүргүзүлгөн.

https://www.aa.com.tr/tr/ekonomi/dev-ihracat-treninin-yukleri-hazara-acildi/1820450