15.05.20

Түркмөнстандын «Türkmenawtoulaglary»  агенттиги Япониялык «Sumitomo Corporation» соода компаниясы менен кызматташууну кеңейтүүнү ниеттенүүдө. Негизги басым, транспорт тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталат. Бул тууралуу, 14-май күнү  «Туркменистан сегодня» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Көрүшмө видео конференция форматында өтүп, «Sumitomo Corporation» соода компаниясы, Түркмөнстандын транспорттук логистика тармагына инвестиция салууга кызыкдар экендигин билдирген. Ошондой эле өлкөнүн лидери Гурбангулы Бердымухамедов жүргүзүп жаткан «Ачык эшик» саясатынын алкагындагы байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө басым жасалган.

«Sumitomo Corporation»  компаниясынын өкүлдөрү, Түркмөнстандын базарынын мүмкүнчүлүктөрү чоң экендигин жана бул багытта чет элдик ишкерлердин жемиштүү иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн баса белгилешти.

Эскерте кетсек, «Sumitomo Corporation»  Япониядагы эң ири дүң соода жүргүзгөн компаниялардын бири болуп эсептелет. Дүйнөнүн  65 мамлекетинде өкүлчүлүгү бар. Компания продукция өндүрүү (өндүрүүчүлөр менен бирге) жана өндүрүшкө жана соодага инвестицияларды тартуу менен алектенет.

https://centralasia.news/6673-turkmenistan-ukrepit-partnerstvo-s-sumitomo-corporation.html