20.05.20

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 8-май күнү, министрлер кабинетинин отурумунда өлкөнүн тышкы экономикалык байланыштарын өнүктүрүү негизги маселе экендигин  билдирген. Мамлекет башчысы, өлкөдө өндүрүлүп жаткан продукциянын экспорттук көлөмүн көбөйтүү боюнча аракеттерди күчөтүү зарылдыгын белгилеген.

Бул маселени чечүүдө маанилүү милдет, мунай жана газ тармагына жүктөлгөн. 2020-жылдын алгачкы төрт айында, өлкө боюнча мунай жана газ өндүргөн ишканалар чет өлкөлөргө саткан продукциясынын жалпы наркы 1,87 миллиард доллардан ашкан.

Түркмөнстандын мамлекеттик товардык-сырьелук биржасы аркылуу, чет өлкөлөргө жаратылыш газы, күйүүчү май, анын ичинде Ахал облусунда жайгашкан завод тарабынан өндүрүлгөн “ECO – 93” маркасындагы бензин дагы бар.

Мындан тышкары, дизель күйүүчү майы, полипропилен, полиэтилен, мазут, авиациялык жана техникалык керосин, суюлтулган газ, авто жолун курууда колдонулуучу битум жана  күкүрт экспортко чыгарылган.

Мунай зат жана газ-химия продуктулары Россия, Түркия, Европа, Бириккен Араб Эмираттары, Швейцария, Афганистан, Англия, Казакстан, Мальта, Сингапур жана башка мамлекеттер сатып алган.

https://turkmenportal.com/blog/27620/produkciya-tek--na-eksport