25.05.20

Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов 25-май күнү, аралыктан онлайн жолугушуу өткөрүштү.

Тараптар көрүшмө учурунда, мамлекеттер аралык карым-катыштарды күчөтүүнүн жолдору жана башка маанилүү маселелерди талкуулашкан. Жогорудагы министрлердин өткөргөн сүйлөшүүлөрү, эки өлкөнүн лидерлери Режеп Тайип Эрдоган жана Гурбангулы Бердымухамедовдун буга чейин болуп өткөн  телефондук сүйлөшүүлөрүнүн уландысы болду. Бул тууралуу, Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги жазып чыкты.

Эске салсак, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки мамлекеттин президенттери тышкы иштер министрликтерине өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү, соода-экономикалык мамилелерин чыңдоо, транспорт жана транзиттик тармактарда өз ара аракеттенүүнү активдештирүү боюнча көрсөтмөлөрдү беришкен болучу.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө министрлер, дипломатиялык кызматташуунун тажрыйбасына жана практикасына таянып, коронавирус илдетинин таралышына каршы аракеттерди көрүүнүн маанилүү экендигин белгилешкен.

Эки өлкөнүн дипломатиялык ведомстволорунун жетекчилери, аймактык жана дүйнөлүк деңгээлдеги объективдүү кырдаалдын контекстинде саясий, дипломатиялык жана соода-экономикалык тармактарына тиешелүү кеңири маселелерди карап чыгышты. Тараптар чек араларда санитардык жана фитосанитардык көзөмөлдүн талаптарына ылайык товарларды ташуу үчүн акырындык менен “жашыл коридорлорду” түзүүгө чоң маани беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында, өлкөлөрдүн ортосундагы ар кандай деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштарды улантууну жана жеке секторлордун делегацияларынын эки тараптуу жолугушууларын активдештирүү маанилүү экендиги баса белгиленди.

https://turkmenportal.com/blog/27757/glavy-mid-turkmenistana-i-turcii-proveli-onlainperegovory