28.05.20

Түркия Республикасынын улуттук аба жолдору компаниясы “Turkish Airlines”, 2020-жылдын 1-июлунан тарта, Түркмөнстанга жана бир нече өлкөлөргө болгон аба каттамдарды калыбына келтирүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу, “Turizm Güncel” маалымат сайтында кабарланган.

Маалыматка ылайык, биринчи этапта компаниянын учактары 70 өлкөгө болгон каттамдарын этабы менен жандандырат. 1-июнь күнү,  Түркиялык учактар  Түндүк Кипр Түрк Республикасына алгачкы аба каттамын  баштамакчы.

Ал эми, 10-июнда Бахрейн, Болгария, Катар жана Грецияга, 15-июнда болсо Германия, Австрия, Чехия, Швейцария, Япония, Түндүк Македония, Литва, Венгрия, Польша, Румыния, Сербия жана Азербайжанга болгон аба каттамдары калыбына келтирилет.

Казакстанга 20-июнь күнү,   Кыргызстанга 22-июнь күнү, Беларусь, Молдова, Өзбекстан жана Түркмөнстанга 1-июлдан тарта учуулар башталмакчы.

https://turkmenportal.com/blog/27819/turkish-airlines-obyavili-datu-vozobnovleniya-poletov-v-turkmenistan