09.06.20

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги Иран менен чектеш аймактан агып өтүүчү Теймен дарыясы аркылуу, жаңы автомобиль көпүрөсү курулгандыгын билдирди. Ачылыш аземи, Түркмөнстан менен Ирандын чек арасында жайгашкан “Сарахс-Сарахс” өткөрүү пунктунда болуп өткөн.

Жаңы автомобиль көпүрөсүнүн узундугу 96 метр, ал эми туурасы 15,1 метрди түзөт.

Көпүрөнүн ачылышынын урматына эки өлкөнүн ортосунда  видеоконференция форматында чогулуш болуп өттү. Түркмөнстан тарапты, Түркмөнстандын Курулуш жана архитектура министри жана Ахал облусунун акими катышты.  Ал эми, Иран тарабынан өлкөнүн Иран Ислам Республикасынын Жолдор жана шаарларды куруу министри жана Хорасан-Резави облусунун губернатору катышты.

Тараптар Түркмөнстан-Иран мамилелерин өнүктүрүү шартында, жаңы автомобиль көпүрөсүн ачуу маанилүү экендигин, соода-экономикалык, транспорттук жана башка тармактарда кызматташууну активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

https://centralasia.media/news:1624125