12.06.20

2019-жылы Россия 300 миллион долларга, Түркмөнстандан жаратылыш газын сатып алган. Бул тууралуу, «Reuters» маалымат агенттигине Россиянын Ашгабат шаарындагы элчиси, Александр Блохин маалымат берип жатып билдирген.

Өткөн 2019-жылдын июль айында, Түркмөнстан менен Россиянын ортосунда, 5 жылдык келишимге кол коюлган болучу. Келишимге ылайык, Россия жыл сайын 5,5 миллиард кубометр өлчөмүндө Түркмөнстандан газ сатып алмакчы болгон.

Россия 2019-жылы апрель айынан июнь айына чейин, Түркмөнстан менен түзүлгөн кыска мөөнөттүү келишимге ылайык 1,1 миллиард кубометр жаратылыш газын сатып алган.

Эскерте кетсек азыркы учурда, Кытай энергетикалык ресурстарга бай болгон Түркмөнстанда өндүрүлгөн газын сатып алуучу негизги өнөктөш бойдон калууда. Бирок, коронавирус илдетинен улам, Кытай март айынын башында Түркмөнстандан газ сатып алууну кыскарткан.

https://centralasia.media/news:1624976