01.07.20

Түркиянын эркектердин модалуу кийимдерин чыгарган “Altınyıldız Classics” Түркмөнстанда биринчи дүкөнүн ачты. Дүкөн Ашхабад шаарында жайгашкан «Беркарар» соода борборунда орун алган. Бул тууралуу, “Anadolu” агенттиги билдирди.

Жаңы соода  дүкөнүнүн аянты 120 чарчы метрди түзөт. Дүкөндө эң мыкты коллекциялар жана заманбап кийимдин  түрлөрү сатыка коюлган.

“Altınyıldız Classics” брендинин Эл аралык соода жана сатуулар боюнча директору Осман Чавушоглунун айтымына, бүгүнкү күндө компаниянын чет өлкөлөрдө жыйырмадан ашык дүкөндөрү бар.

Осман Чавушоглу: «Биз Түркмөнстандагы биринчи дүкөнүбүздү, Ашхабад шаарындагы эң маанилүү болгон «Беркарар» соода борборунда ачтык. Кийинки эки жылдын ичинде, Түркмөнстанда дагы үч дүкөн ачууну пландап жатабыз. Ошондой эле биз чет өлкөлөрдөгү дүкөндөрдүн санын жылдын аягына чейин  отуз бешке чейин көбөйтүүгө аракет кылабыз. Биринчи кезекте, биз түндүк Африка жана Европанын базарларына багыт алдык» -деп билдирди.

https://turkmenportal.com/blog/28566/tureckii-modnyi-brend-alt%C4%B1ny%C4%B1ld%C4%B1z-classics-otkryl-pervyi-magazin-v-turkmenistane